Атышуу, парламенттеги "чуулуу" шайлоо, "Кыргызстанды Кыргыз Каганаты" кылалы деп сунуштаган саясатчы-ырчы. Аптанын орчундуу окуялары

1 февраля 2019 13:21 1892 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бешиктеги баладан тартып, эшиктеги ит-мышыгына чейин саясатка аралашкан өлкөбүздө бул аптада дагы кызыктуу жана орчундуу окуяларга бай болду. 

"Кыргызстанды Кыргыз Каганаты" кылалы деп сунуштаган саясатчы-ырчы. 

А дегенде эле ырчы Бек Борбиев Кыргызстанды "Кыргыз Каганаты" деп атын алмаштыралы деген сунуш киргизип, көпчүлүктү дүрбөтүп жуманы талкуу менен баштады. Ага удаалаш эле эки күн үйүнөн кеткен боюнча эмне болгону дайынсыз болуп жаткан Мээрбек Мискенбаевге "алдамчылык боюнча" иш козголуп, тергелип жаткандыгы айтылды. 

Токмоктогу атышуу

Ал ортодо, Токмокто атышуу болгондугу тууралуу ЖМКларга чыккан маалымат тарады. ИИМ менен чек ара кызматы эки күн бою "көзүм көрбөсүн, кулагым укпасын" дештиби же "сүйлөшүү коррупциясы" ойнодубу, айтор бул окуя тууралуу үн катышкан жок. Коомчулук дүрбөй баштаганда, Ички иштер министрлиги "жабырлануучу тараптан арыз түшкөн жок, ошон үчүн иш козгогон жокпуз"-деген билдирүү таратты. Ал эми чек ара кызматынан алгач "Бизде атышуу окуясы катталган жок" деп айтып алышып, кийин ага оңдоо түздөөлөрдү киргизип, чек ара кызматынын орун басары Курманбек Исаков: "Ал жерде журналисттер "көзөмөл өткөрүү жайында болду"-деп жазып чыгышты.Биздин территорияда болбогондуктан, бизде болгон жок деп жооп бергенбиз. Ал окуя түн ортосунда, Кыргызстандын аймагында жолдун ары жагында болгон. Чек арада болгон эмес деп айтканбыз, ошондуктан журналисттер бизди түшүнбөй калды"-деп парламентте актанды. Албетте, парламентте айтылган сөз эмес, чыгарылган мыйзамдар деле жокко чыгарылып жатпайбы. Чек ара кызматы депутаттардан эмнеси кем. Айтылган маалыматка, шайлоого оңдоо жана түздөөлөрдү киргизсе боло бере тургандыгы дагы бир жолу тастыкталды.

Парламенттеги "чуулуу" шайлоо

Дегенибиз, Коомдук каналдын Байкоочу Кеңешине мүчөлүгүнө талапкерлерди шайлоо учурунда кандайдыр бир баш-аламандык болуп жаткандыгына эл күбө болду. Алгач келбей калган талапкерге добуш бербей коюшту, кийин талапкер Чынара Капарова шайлана турган болуп жатып, депутаттар баарын жокко чыгарып туруп, кайра добушка коюшту. Жыйынтыгында, Атыркүл Сарыбаева шайланып калды. Буга нааразы болгон диктор айым, "Мен акыйкат иштемекмин, бул жерден парламент мени өткөрбөй коюу менен өздөрү уят болду, президенттин аброюна шек келтирди"-деп социалдык тармактар аркылуу безилдеп жатты. 

Жогорудагы окуялардан сырткары, ушул аптада милиция кызматкерлери зордуктоого, акча опузалап алууга жана жол кырсыктарындагы адамдардын өлүмүнө тиешелүү болгон урунттуу окуялар көп болду. 

Barometr.kg сайты мындан ары жакшы жана жагымдуу жаңылыктардын көп болушуна тилектеш. 



Ссылка: https://barometr.kg/atyshuu-parlamenttegi-chuuluu-shajloo-kyrgyzstandy-kyrgyz-kaganaty-kylaly-dep-sunushtagan-sayasatchy-yrchy-aptanyn-orchunduu-okuyalary



Добавить комментарий