Финпол: "Мискенбаевге алдамчылык боюнча кылмыш иши козголуп, тергелип жатат"

28 январь 2019 14:06 1510 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

 “Айкөл Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин төрагасы Мээрбек Мискенбаев жана анын орун басары Амантур Жамгырчиевге алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголуп, учурда тергелип жатат. Бул тууралуу финансы полициясы Barometr.kg сайтына маалымдады. 

Анда айтылгандай, 2018-жылы  “Айкол Ала-Тоо” коомдук бирикмесинин  мүчөлөрү аталган коомдун мурунку төрагасы М.М. жана башкаруу мүчөлөрүнө карата “Айкол Ала-Тоо” КБнын мүчөлөрүнө социалдык колдоо көрсөтүү үчүн бөлүнгөн акча каражаттарын мыйзамсыз ыйгарып алуу фактысы боюнча чара көрүү арызы менен кайрылышкан, анын негизинде алдамчылык фактысы боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмыш иши боюнча чогултулган материалдарга ылайык “Айкол Ала-Тоо” КБнын жетекчиси жана орун басары 2 млн. сомдон көп суммадагы көмүр түрүндөгү бекер материалдык жардам алып, аларды Коомдук бирикменин мүчөлөрүнө бөлүп бербестен, мыйзамсыз акча каражаттарды өзүлөрүнө ыйгарып алышкан.

Мындан тышкары, кылмыш ишин иликтөө учурунда тергөө тарабынан  аталган коомдун мүчөлөрүнө материалдык жана социалдык жардам берүү түрүндө түшкөн акча каражаттарды ыйгарып алуу сыяктуу ушундай фактылар дагы аныкталды деп билдирет финансы полициясынын басма сөз кызматы. 

Учурда кылмыш иши иликтенип жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/finpol-miskenbaevge-aldamchylyk-boyuncha-kylmysh-ishi-kozgolup-tergelip-zhatat



Добавить комментарий