Токмокто үй ээлери уктап жатканда тоноп кеткенге шектүү кармалды

30 мая 2023 16:57 967 Barometr
Поделиться в:
ok

Токмокто үй ээлери уктап жатканда телефон жана акча уурдап кеткенге шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, кылмыш 12-майда Токмок шаарында болгон. 

“Түнкү саат үчтөр чамасында үйдөн эки телефон жана акча уурдалган. Аталган факты КР Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси («Уурдоо») менен электрондук журналга катталган. Токмок ШИИБдин кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү катары 1995-жылы туулган Т.Ф.Б. кармалды.   
 Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери уланууда”, -деп айтылат маалыматта.    

Ссылка: https://barometr.kg/tokmokto-j-eeleri-uktap-zhatkanda-uuruluk-kylyp-kachyp-ketkenge-shekt-karmaldy



Добавить комментарий