Токмоктогу атышуу боюнча жазган журналист суракка чакырылды

29 января 2019 09:48 1516 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Чүйдүн Токмок шаарындагы өткөрүү пунктундагы атышуу боюнча жазган Кактус медиа сайтынын журналисти Марат Уралиев суракка чакырылды. Бул тууралуу ал өзүнүн жеке баракчасына жазды.

"Мени суракка чакырып жатышат. Менимче аларды кылмышкер эмес эле, мен маалыматты кайдан алганым кызыктырууда. Бул иштеги баш-аламандык дагы деле уланууда"-деп жазды ал. 

Окуя тууралуу эскерте кетсек, журналист 25-январга караган түнү саат 3:00дөн саат 5:00гө чейин айланма жолундагы көзөмөл-өткөрүү пунктунда аткезчилердин ортосунда атышуу болгонун өздүк булагына таянып жазып чыккан. Андан кийин интернетке октон жаракат алдым деген адамдын видеосу чыккан.  Тартип коргоо кызматы ошол жердеги камера тартып калган учурларды текшерип, иликтөө башталган. Кийинчерээк Чек ара кызматы окуя болгон күнү аларга "артымдан кууп келе жатышат" деп эркек киши кайрылганын айтканын билдиришти. Чек арачылар көзөмөл өткөрүү жайынын аймагынан чыгып, мушташып жаткандарды арачалап, беркилер саат 05.38де тарап кеткенин билдирген. Алар эч кандай атышуу болгон эмес деген маалымат берген.

Бул окуя боюнча бүгүн Чүй облусттук ИИБинде пресс-жыйын болмокчу. Анда, аталган кылмыш боюнча маалымат берилет.




Ссылка: https://barometr.kg/tokmoktogu-atyshuu-boyuncha-zhazgan-zhurnalist-surakka-chakyryldy



Добавить комментарий