Чек ара кызматынын орун басары Исаков: "Токмоктогу атышуу чек арада эмес, жолдун артында болду дегенбиз, журналисттер бизди жакшы түшүнбөй калышты"
Токмоктогу атышуу боюнча парламентте чек ара кызматынын орун басары Курманбек Исаков журналисттер менен бир аз түшүнбөстүктөр болуп кеткенин билдирди.
Эмне үчүн ЖМКларга атышуу болду деген жаңылык чыгып кетсе, аны чек ара кызматы болгон жок деп танып атат? Ал эми милиция кызматы үч күн өткөндөн кийин айтып жатат. Бул эмнени билдирет? Бул нерсе чек ара кызматындагыларда коррупциянын бар экендигинин белгиси-деди депутат Кенжебек Бокоев.
Буга чек ара кызматынын орун басары Курманбек Исаков: "Ал жерде журналисттер "көзөмөл өткөрүү жайында болду"-деп жазып чыгышты.Биздин территорияда болбогондуктан, бизде болгон жок деп жооп бергенбиз. Ал окуя түн ортосунда, Кыргызстандын аймагында жолдун ары жагында болгон. Чек арада болгон эмес деп айтканбыз, ошондуктан журналисттер бизди түшүнбөй калды"-деп жооп берди.
Ошондой эле нефти продуктылардын, башка товарлардын контрабанда жол менен келип жаткандыгына байланыштуу салык төлөп алып келгендердики эки эсе соодасы азайып кеткендигин жана күйүүчү майлар көмүскө алынып келинип, сатылып жаткандыгын кошумчалады.
Бүгүн 31-январда парламентте Тышкы миграция тууралуу маселелер талкууланды.
Добавить комментарий ×