Чүй облустук ИИББдин башчысы: "Атышууну жалпыга маалымдоо каражаттарынан билгенибиз биз үчүн албетте уят. Муну моюнубузга алабыз"

29 января 2019 11:32 1947 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Токмоктогу аткезчилердин атышуусун жалпыга маалымдоо каражаттарынан билгенибиз биз үчүн албетте уят. Муну моюнубузга алабыз деди Чүй облустук ИИББдин башчысы Самат Курманкулов пресс-жыйында. Ошондой эле, бул окуя тууралуу убагында рапорт бербеген милиция ыкчам кызматкерлерине чара көрүлөрү тууралуу кошумчалады. 

Учурда окуя такталып жатат деди Самат Курманкулов. Атышуу болгон жерде гильза табылбагандыгын дагы кошумчалады. Ал эми ЖК депутаты Урмат Самаев окуяны жайгаруу үчүн атышуу болгон жерге келбегенин айтты. Аны менен катар коңшу мамлекетке аткезчилик ишин тескеген "Чемпион" деген лакап аты бар киши ким экенин ачык айткан жок. Анткени айрым ачыкка чыгарбай турган жагдайлар да бар экендигин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/chj-oblustuk-iibbdin-bashchysy-atyshuunu-zhalpyga-maalymdoo-karazhattarynan-bilgenibiz-biz-chn-albette-uyat-munu-moyunubuzga-alabyz



Добавить комментарий