Парламентте 5 сааттан бери Байкоочу Кеңештин мүчөлүгүнө талапкерлерди шайлоо боюнча талаш болууда
Депутаттар 5 сааттан бери КТРКнын Байкоочу Кеңешине мүчөлүгүнө талапкерлерди тандай албай чурулдап жатышат. Он талапкердин ичинен рейтинг боюнча 5 талапкерди бекитип бериш керек экен. Алгач келбей калган эки талапкерге добуш берилбей калгандыктан, айрым билерман депутаттар токтомду жокко чыгарып кайрадан добуш берүүгө коюлган.
Рейтинг боюнча берилген добуштар жокко чыгарылып, кайрадан электрондук добуш берүү сунушталган.
"Азыр бир эле кишиге добуш берели же башынан берели, рейтинг боюнча айтсак Чынара Капарова өттү. Сотко берсе утуп чыгат. Келгиле бир эле адамга добуш берели"-деди депутат Момбеков.
Айрым депутаттар бардык чечимдерди жокко чыгарып башынан баштайлы деген сунуштарды дагы айтышты.
Ал ортодо төрага Дастан Жумабеков келип, добуш берүүнү улантты.
Учурда Жогорку Кеңеште КТРКнын Байкоочу кеңешинин курамын бекитүү жөнүндө маселе каралууда.
Добавить комментарий ×