"Видеонду интернетке чыгарам"-деп 20 миң сом пара талап кылган жаран кармалды
Коомго терс көрүнүш менен видого түшүп калган жарандан "ошол видеону интернетке жайгаштырам" деп опузалап акча талап кылган жаран кармалды. Ал милицияда мурда иштеп кеткен адам болуп чыкты. Ал жабырлануучунун катышуусу бар видеону жайгаштырам деп коркутуу жолу менен опузалап 20 миң сом акча талап кылган. Бул тууралуу 2019-жылдын 28-январь күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына арыз түшкөн. Түшкөн арыздын негизинде иликтөө башталып, Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасынын Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине кылмыш-жаза кодексинин 203-опузалап пара талап кылуу беренеси менен катталып, сотко чейинки иликтөөнү жүргүзүү үчүн ИИМдин Тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.
2019-жылдын 29-январь күнү болжол менен саат 23:15 чамасында жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Бишкек шаарынын 7-кичирайонунда жайгашкан №35 үйдүн жанынан жабырлануучудан талап кылган акчаны накталай алып жаткан жеринен Ы. Уулу К. кармалган. Ага өздүк кароо жүргүзүү учурунда күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн Майлуу-Суу ШИИБдин убактылуу кармоочу жайынын кызматкери, милициянын сержанты Ы. уулу К. аттууга таандык кызматтык күбөлүк табылган. Териштирүү учурунда аныкталгандай, аталган кызматкер 2018-жылдын башында терс мотив менен ички иштер органдарынан кетирилгени маалым болгон.
Кармалган адам Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.
Добавить комментарий ×