Чынар Капарова КТРКнын байкоочу кеңешине өтпөй калгандан кийин: "Эл алдында мен жеңдим. Эх, эл өкүлдөрү..."

30 января 2019 22:51 7888 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында КТРКнын байкоочу кеңешине талапкерлерди тандоо боюнча добуш берүү болуп өттү. Биринчи добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүгү Чынар Капаровага добуш беришкен. Бирок отурумга кечигип келген талапкер үчүн эл өкүлдөрү кайра добуш берүү чечимин кабыл алышты.

Экинчи добуш берүүнүн жыйынтыгы менен КТРКнын байкоочу кеңешинин мүчөсү болуп Атыркүл Сарыбаева шайланды.

Мындай чечим парламетте да ар түрдүү пикирлерди жаратты. Ал эми Чынар Капарова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына:

"Эң негизгиси эл күбө! Эл алдында мен жеңдим. Эх, эл өкүлдөрү, анан кантип өсөбүз", -деп пост жазып чыкты.


Ссылка: https://barometr.kg/chynar-kaparova-bajkoochu-keeshke-tpj-kalgandan-kijin-el-aldynda-men-zhedim-eh-el-kldr



Добавить комментарий