Катуу ылдамдыкта унаа айдаган милиционер 11 жаштагы окуучуну өлтүрө сүзүп кетти
Поделиться в:
Бүгүн 29-январда эртең менен Сокулукта жөө жүргүнчүлөр өтүүчү жерден окуучу баланы унаа сүзүп, өспүрүп каза тапты. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдиришти. Ал эми кырсыкты Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы тастыктады.
Маалыматта айтылгандай, окуя бүгүн таңкы саат 07:10дор чамасында Школьная жана Фрунзе көчөсүнүн кесилишинде болгон. Сүзүп кеткен айдоочу Чүй ОИИББнин күзөт-кайгуул кызматында ага сержант болуп иштегендиги аныкталды. Ал эми каза болгон 11 жаштагы бала Сокулуктагы №1 мектептин окуучусу жана эгиздин түгөйү болгон.
Ссылка: https://barometr.kg/milicioner-katuu-yldamdykta-11-zhashtagy-okuuchunu-ltr-szp-ketti
Добавить комментарий ×