Апта аягы: чечилбеген чек ара көйгөйү, эринин колунан ажал тапкан аялдар
Узап бараткан апта көптөгөн терс окуялары менен элдин эсинде калып, алар социалдык тармактарда дагы кызуу талкууга алынды.
Өзгөчө коомчулуктун көңүлүн өз күйөөсүнүн колунан ажал тапкан аялдар бурду. Ур-токмоктон көз жумган келиндердин бири 26да болсо, экинчиси 37 жашта. Мындай каргашалар Нарындын Кочкор району менен Баткен шаарында орун алды.
Кыргызстанда үй-бүлөдөгү зомбулук бар экенин Караколдо күйөөсүнүн кызганычынан бензин чачылып өрттөлгөн аялдын окуясы дагы бир ирет тастыктады көрүнөт.
Жогорудагы коомчулуктун көңүлүн бурган окуялар өлкөдө үй-бүлө институту, үй-бүлөнү пландоо сыяктуу иштер чабал болуп жатканын кабар берет өңдөнөт.
Чиеленген чек ара көйгөйү
Бул жумада кыргыз-өзбек, кыргыз-казак жана кыргыз-тажик чек арасында көйгөй чыкты.
Казакстан товарларды жана жүктөрдү чек ара аркылуу алып өтүүгө кошумча текшерүүлөрдү киргизгендиктен эки мамлекеттин чек арасында жүк ташуучу унаалардын калың кезеги пайда болду. Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Казакстанды ЕАЭБдин алкагында товарларды эркин өткөрүү боюнча кабыл алынган милдеттемелерди аткарууга чакырды.
Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, бактыга жараша эч ким жаракат алган жок. Кырдаалдын жаралышына чек арадагы такталбаган аймакка кирип кеткен мал-жандыктар себеп болгон.
Ал эми кыргыз-тажик чек арасындагы абал бир аз курчураак. Кыргызстандык жарандардын машиналары менен үйүн ташка алуудан тутанган чыр мамлекет башчыларынын деңгээлине чейин талкууланды.
Сөөгү табылбай жаназа окулду
2019-жылдын 1-декабрында Кумтөр кенинде жер көчүп, тоо мастери Өмүрбек Ишенбеков менен машинист-бульдозерчи Жолдошбек Жунушов топурактын алдында калган. Аларды издөө иштерине жүздөн ашык киши тартылып, республикалык штаб түзүлгөнүнө карабай маркумдардын сөөгү табылган жок. 9-январда издөө иштери токтотулуп, 10-январда кырсык болгон жерде аларга жаназа окулду. Облус жетекчиси Акылбек Осмоналиев издөө иштери токтотулганы менен кырсыктын себептерин тактоо жумуштары улана берет деп ишендирди.
"Таластык" ак илбирс
9-январда Таластын Көк-Ой айылынан жарадар болгон ак илбирс бактын башына чыгып кетип, айылдыктардын үшүн алган. Кийин тийиштүү кызматтар аны Бишкекке алып келишкен. Жасалган рентгенден анын башына бытыроо октору тийгени аныкталып, дарылоо процесстери башталды. Дарыгерлер жарткычка операция жасап, окторду алып чыгышкан. Анткен менен илбирстин абалы өтө жакшы эмес.
Ал ортодо илбирстин айланасындагы окуя боюнча Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова өз пикирин билдирип, айбанатка мыкаачылык кылгандарды Чыңгыз Айтматовдун "Кыямат" романындагы окуялар күтүп турушу мүмкүн деген оюн жазды.
176 адамдын өмүрүн алган авиакырсык
Бул аптада дүйнөдө дагы тынч болгон жок. Дүйнө коомчулугунун көңүл чордонунда Иранда кулап түшкөн жүргүнчү ташыган украин учагы болду. Ал 8-январда Тегерандагы аэропорттон учуп чыккандан соң бир нече мүнөттөн кийин кулап түшкөн. Учактын ичиндеги 176 кишинин бары тең каза болгон.
Алгач учак техникалык себептен, тактап айтканда кыймылдаткычы иштен чыккандыктан кырсыктады деген версиялар айтылган. Бирок Канада менен Улуу Британиянын премьерлери учакты Ирандын "жер-аба" классындагы ракетасы атып түшүргөнүн ырастаган бир нече маалыматтар бар экенин айтып чыгышты. Өз кезегинде ирандын расмий өкүлдөрү бул маалымат чындыкка дал келбей турганын жана имиштердин деңгээлиндеги гана көрүнүш деп ишендирүүгө аракет кылышкан.
Кырсык болгондон көп өтпөй эле Ирандын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы жүргүнчү ташыган учакка чындап эле ракета тийгенин моюндап, бирок ал кишинин кетирген катачылыгынан улам болгонун билдирди.
Материкти каптаган өрт
Эл аралык жалпыга маалымдоо каражаттары Австралияны каптаган өрт тууралуу да байма-бай жазып жатышты. Акыркы маалыматтар боюнча тилсиз жоо миллиондон ашык гектарды жалмаган. Анын кесепетинен бир миллиарддан ашык айбанат өлгөн.
Жаратылыш кырсыгы 20га жакын кишинин өмүрүн алып, миңдеген турак-жайды жок кылды. Айрым аймактарда от абдан алоолонгондуктан аны өчүрүүгө аскер деңиз күчтөрүнүн кемелерин жана авиацияны тартылууда.
Ссылка: https://barometr.kg/apta-ayagy-chechilbegen-chek-ara-kjgj-erinin-kolunan-azhal-tapkan-ayaldar
Добавить комментарий ×