Кумтөрдө табылбай калган кызматкерлерге жаназа окулган маалдын сүрөттөрү тарады

10 января 2020 21:54 23600 Barometr
Поделиться в:
ok

Кумтөр кенинде жер кыртышы басып калган эки кызматкерди издөө аракеттери токтотулганы менен, окуянын себебин аныктоо аракеттери улантылып жатат. Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиев билдирди.

"Каргашадан кийин дароо эле республикалык штаб түзүлүп, күнү-түнү иш алып барды. Президент Сооронбай Жээнбековдун көрсөтмөсү менен абалды премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев жеке көзөмөлгө алды. Издөө-куткаруу иштерине 146 киши тартылды. Анын ичинде ӨКМдин, "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын кызматкерлери, ыктыярчылар, маркумдардын жакындары да тартылган", — деди ал.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөрдө жер көчүп тоо мастери Өмүрбек Ишенбеков жана машинист-бульдозерчи Жолдошбек Жунушов жоголуп кеткен. Аларды издөө аракеттери 9-январда токтотулуп, 10-январда жаназасы окулган болчу

Осмоналиев андан сырткары учурда "Кумтөр Голд Компани" компаниясынын жетекчилиги менен маркумдардын айылына эки бала бакча куруп берүү демилгеси талкууланып жатканын кошумчалады.


Ссылка: https://barometr.kg/kumtrd-tabylgaj-kalgan-kyzmatkerlerge-zhanaza-okulgan-maaldyn-srttr-tarady



Добавить комментарий