Жогорку Кеңештин депутаты жарадар болгон илбирске боору ооруду

11 января 2020 11:03 4346 Barometr
Поделиться в:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова Таластан кармалып, Бишкекке алынып келген жаш илбирске боору ачыды. Эл өкүлү окуя тууралуу пикирин Facebook баракчасына жазган

Анда бул көрүнүш абдан жаман экенин айтып, байкуш илбирс жаныбарлар дүйнөсүндө дагы кимдир бирөөнүн баласы экенин белгиледи.

"Жан дүйнөм ооруп турат, мына биздин "суперкаарман" мергенчилерибиздин аңчылыгы, аңчылыктын жаныбарларга тийгизген кесепетинин көрсөткүчү... Жазалоо деген түшүнүк бар, аңчыларга "Кыямат" повести тууралуу эстетким келет. Анда жаныбарларга залал келтирүү, аларды өлтүрүү бумеранг сыяктуу кайтып келет", — деп жазды ал.

Исмаилова андан сырткары жырткыч мергенчини таап, ал жазасын алышы керектигин белгиледи.

Депутат бул окуядан кийин жаныбарларга аңчылык кылууга тыюу салуу демилгеси мергенчи-кесиптештери арасында колдоо табат деген ойдо экенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, Талас облусунун Көк-Ой айылынан табылган илбирс Бишкекке алынып келген.   Аны рентгенге тарткан учурда ок жегени аныкталган.   Тактап айтканда башына бытыроо тийген. Адистер жырткыч жаныбардын абалы оор экенин айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/zhogorku-keeshtin-deputaty-zharadar-bolgon-ilbirske-booru-oorudu



Добавить комментарий