Кумтөрдө сөөгү табылбай калган эки кызматкердин жаназасы окулду
Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары Калыс Ахматов Кумтөр кенинде жер кыртышы басып калды деп изделип жаткан кызматкерлерди издөө иштери токтотулганын "Барометр" сайтына билдирди.
Белгилей кетсек, 2019-жылдын 1-декабрында Кумтөрдө жер көчүп тоо мастери Өмүрбек Ишенбеков жана машинист-бульдозерчи Жолдошбек Жунушов жоголуп кеткен.
"Кызматкерлерди издөө иштери 9-январдан тарта токтотулду. Анткени алар биз болжолдогон жерлерден табылбай калды. Төрт техниканын бары тең табылды. Пикап үлгүсүндөгү автоунаада болушу ыктымал деп жаттык эле, бирок ал машинаны дагы тапкандан кийин ичинде кишилер чыккан жок. Туугандары биз менен издөө иштерин жүргүзүп жүргөн. Алар дагы мындан ары издөөнүн кажети жок экенин түшүнүштү. Туугандары жана компания менен акылдашып токтотолу деген бир чечимге келдик", — деди Ахматов.
Ал ошондой эле сөөгү табылбай калган кызматкерлерге бүгүн, 10-январда кырсык болгон жерден жаназасы окулганын кошумчалады.
Ахматов бул иштер муфтият менен да алдын ала кеңешилип анан ишке ашканына токтолду.
Ссылка: https://barometr.kg/kumtrd-sg-tabylbaj-kalgan-eki-kyzmatkerdin-zhanazasy-okuldu
Добавить комментарий ×