Иранда кыйраган учактагылардын улуту белгилүү болду. Маркумдардын сөөгүн таанууга мүмкүн эмес
Украинанын Тышкы иштер министрлиги Иранда кулап түшкөн учактагы жүргүнчүлөрдүн улутун тизмектеди.
BBC телеканалынын маалыматы боюнча жалпысынан 176 киши каза болгон.
Ага ылайык;
Украина - 11 (экипаждын 9 мүчөсү жана 2 жүргүнчү)
Иран – 82;
Канада – 63;
Германия – 3;
Британия – 3;
Швеция – 10;
Афганистан – 4.
Ал ортодо Кызыл Жарым Ай коомунун өкүлдөрү учак кыйраган учурда чыккан өрттөн улам маркумдардын сөөгүн таануу мүмкүн эмес экенин билдиришүүдө.
Strana.ua сайты учактагы бардык жүргүнчүлөрдүн тизмесин жарыялады.
Эске салсак, “Украинанын эл аралык аба жолдору” компаниясына таандык Boeing 737 учагы Имам Хомейни аэропортунан учуп чыккандан кийин эки мүнөттөн соң кулап түшкөн.
Алдын ала маалымат боюнча учактын кыймылдаткычтары техникалык мүчүлүштүктөн улам иштебей калган.
Добавить комментарий ×