Кумтөрдө жоголгон кызматкерлердин унаасынын бүтүн жери калган эмес. Тамтыгы чыккан унаанын сүрөттөрү
“Кумтөр” кенинин жоголгон эки кызматкеринин унаасы табылган. Унаанын бүтүн жери калган эмес.
Тамтыгы чыгып калган унаанын сүрөттөрүн “barometr.kg” сайтына өздүк булактар жиберишти. Сүрөттө унаанын дөңгөлөгү, мыйрыйган тетиктери, темирлер гана көрүнөт.
Белгилей кетсек, унаа 25-декабрда болжол менен саат 23:00дө табылган. Куткаруучулар жоголгон кызматкерлер унаада болушу мүмкүн деп болжолдошкон. Бирок алар ал жерде жок болушкан.
Эске сала кетсек, 1-декабрда кенде уранды көчүп, тоо мастери Омурбек Ишенбеков жана машинист-бульдозерчи Жолдошбек Жунушов жоголуп кетишкен.
Буга чейин "barometr.kg" сайтына күч органдары билдиргендей, кендин эки кызматкери дайыны чыкпай калганы 1-декабрда таңкы саат 05:30да маалым болгон. Алар түнкү нөөмөттө иштешкен. Бульдозердин айдоочусу менен бир мастер болгону айтылган.
Учурда “Кумтөр” кенинин жоголгон эки кызматкерин издөө-куткаруу ишине 95 куткаруучу тартылып, иш улантылып жатат.
Добавить комментарий ×