Иран украин учагына ракета тийгенин тастыктады

11 января 2020 10:27 22101 Barometr
Поделиться в:
ok

Ирандын аскерлери Украинанын эл аралык аба жолдору компаниясынын Boeing 737 учагы калпыстыктан улам ракета менен атып түшүрүлгөнүн моюнга алды. Бул тууралуу Associated Press басылмасы жазды.

Ушундай эле маалыматтар Ирандын маалымат агенттиктеринде дагы тарады.

"Иран Ислам республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн Башкы штабы украин учагы ракета менен атып түшүрүлгөнүн ырастады",— деп жазды IranInternational басылмасы.

Ирандын куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, украин учагына ракета кокустуктан улам чыгарылган.

Эске салсак, Украинанын Boeing 737 учагы 8-январда Тегерандагы аэропорттон учуп чыккандан кийин бир нече мүнөттөн соң кулап түшкөн. Анын ичиндеги 176 кишинин бары тең каза болгон.

9-январда Канада менен Улуу Британиянын премьер-министрлери жүргүнчү ташыган учак Ирандын жер-аба классындагы ракета менен атып түшүрүлгөнүн тастыктай турчу бир топ маалыматтар бар экенин айтышкан.

Ссылка: https://barometr.kg/iran-ukrain-uchagyna-raketa-tijgenin-tastyktady



Добавить комментарий