Кыргыз жарандары менен өзбек чек арачыларынын жаңжалынын видеосу тарады

7 января 2020 12:53 15011 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Социалдык тармактарга кыргыз жарандары менен өзбек чек арачыларынын ортосунда болгон жаңжалдын видеосу тарады.

Анда Кыргызстандын жай тургундарына өзбек чек арачыларынын мылтык менен тап берип жатканын көрүүгө болот.

Ошондой эле, видеодо эскертүү иретинде асманга мылтыктын атылган үнүн угууга болот.

Белгилей кетсек, 6-январда Кыргызстандын жарандарынын мал-жандыгы эки өлкөнүн чек арасындагы такталбаган аймакка кирип кеткен. Аны айдап чыгабыз деген жергиликтүү тургундар менен өзбек чек арачыларынын ортосунда түшүнбөстүк болуп, коңшу мамлекеттин чек арачылары асманга эскертүү иретинде ок аткан.

Окуядан кийин эки мамлекеттин чек арачылары жана жергиликтүү тургундары жолугуп, мындай окуялардын кайталанбашына жол бербөө чараларын талкуулашкан.

Чек арага жакын жайгашкан аймакта жашаган Кыргызстандын жарандары Өзбекстандын аскерлерине эч кандай доосу жок экенин айтышкан.

Жыйынтыгында такталбаган аймакка кирип кеткен 520 мал-жандык Кыргызстандын жарандарына кайтарылып берилген.

Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyz-zharandary-menen-zbek-chek-arachylarynyn-zhazhylynyn-videosu-tarady



Добавить комментарий