Кыргызстан "Дүйнөлүк көчмөндөр” оюндарынын брендине өзгөчө укуктарды алды

9 декабря 2025 18:52 Barometr
Поделиться в:
ok

Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев “Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” товардык белгисине өзгөчө укуктарды мамлекеттик менчикке өткөрүп берүү аземине катышты.

Адылбек Касымалиев өз сөзүндө Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын негизги ролун белгиледи.

"Бүгүн биз абдан маанилүү окуяга күбө болуудабыз. Акыркы он жылдыкта Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары этникалык маданиятты, көчмөндөр цивилизациясынын баалуулуктарын жана салттуу спортту жайылтуу боюнча эң ири глобалдык аянтчалардын бирине айланды. Бул долбоор бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн чыныгы улуттук бренд, мамлекетибиздин маданий дипломатиясынын флагманы жана эл аралык беделибиздин маанилүү символу, - деп белгиледи ал.

Адылбек Касымалиев оюндар Кыргызстанда 2014, 2016 жана 2018-жылдары ийгиликтүү өтүп, дүйнөлүк коомчулуктун зор кызыгуусун жаратканын эске салды. 

Андан кийин Түркия (2022) жана Казакстан (2024) эстафетаны колго алып, эл аралык аренада да жогорку баага татыды. 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары кайрадан Кыргызстанда өтөт жана Кыргызстан дүйнөнүн булуң-бурчунан келген конокторду тосуп алууга кызуу даярдык көрүүдө.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасына товардык белгилерге өзгөчө укуктарды өткөрүп берүү Оюндардын институционалдык жана укуктук негиздерин бекемдеп гана тим болбостон, туруктуу мамлекеттик саясатты ишке ашыруу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтет.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstan-djnlk-kchmndr-oyundarynyn-brendine-zgch-ukuktardy-aldy



Добавить комментарий