Карышкыр-танк, мүрзөдөгү жарым жылаңач кыз. Аптанын орчундуу окуялары
"Баягы эле "түкүрүк талкуу"
Жыл жаңыргандан тартып, жаңы кодекстер коомдун башын айландырып, ал тургай аны иштеп чыккан депутаттар менен ишке ашыра албай кайра-кайра өзгөртүүлөрдү киргизип жаткан өкмөттүн деле башы айланып калды көрүнөт. Апта башы алгылыктуу окуялар менен башталабы десек, баягы эле жаңы айып пулдардын ызы-чуусу парламентте көп талкуу жаратты. Айрым депутаттар элге уят болбой "түкүрүктү" мыйзамдан алып салгыла десе, төрага Дастан Жумабеков баш болгон көп чиновник бул мыйзамды колдоорун билдиришти. Ал тургай, баш калаада тартип боло баштаганын айтышып, жаңы кодекстерди жана мыйзамдарды "реформа" деп аташты, мындай өзгөртүүлөрдү колдоп, коомчулук көнүш керек, артка кайтпай дагы иштей берели деп өздөрүнө маашырлангандар да болду. Түкүрүккө салынган айып пулдун өлчөмү 1000 сомго түштү деп айрым саясатчылар какылдаганы менен, Ички иштер министринин орун басары Курсан Асанов парламенттеги берген маалымдамасында өзгөртүүлөр, толуктоолор болуп жаткандыгын айтып, 1000 сомго түшкөндүгүн так кесе белгилеген жок.
"Журналисттерден качкан министр"
Аптанын башында болгон Ички иштер министринин пресс-жыйынында көпчүлүк журналисттер өлкөдө болуп жаткан окуялар боюнча, жаңы кодекстер жөнүндө канааттандырарлык жооп ала албай кайтышты. Жыйынга 50-60тай ЖМК катталып, алардын он чактыдайы гана суроо бергенге үлгүрдү. "Башка жакта чогулуш бар эле" деп министр кетүүгө шашты.
ИИМ менен Башкы прокуратуранын эки ача маалыматы
Антсе да ИИМдин орун басары Мирлан Каниметовдун Калыйбек Элтуйбасов тууралуу берген маалыматы ИИМ менен Башкы прокуратуранын ортосунда эки ача маалыматты жаратты. ИИМ АКШда миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалган Калыйбек Элтуйбасовду Кыргызстанга алып келүү суранычы Башкы прокуратурага жөнөтүлгөндүгүн айтса, андан эки саат өтпөй Башкы прокуратура "АКШга да, бизге да бул тууралуу документтер келген эмес" деп бул маалыматты четке какты. ИИМ Башкы прокуратуранын мындай билдирүүсүнө 6-февралда жооп кайтарып, министрлик кылмышка шектүүнү өлкөгө алып келүү боюнча Интерпол аркылуу аракет кылып жатканын кабарлады.
"Мүрзөдөн түшкөн жарым жылаңач кыз"
Ошентип Кыргызстандагы эки ири мекеме бир маалыматты тактагыча, "Мына сага" деп жарым жылаңач кыздын сүрөтү мүрзөнүн үстүнөн чыга калып, коомчулуктун көңүлүн өзүнө буруп кетти. Аны сүрөткө тарткан сүрөтчүнүн аты такталып, түшкөн кыз талкууга алынып, иликтөө башталды.
"Карышкырларды танк менен атуу сунушталды"
Ар апта сайын элин зериктербеген парламент бул жолу "Карышкырларды тик учак менен ата албасак, анда танк менен аталы" деп элди айласыздан күлдүрдү. Буга чейин депутат Камчыбек Жолдошбаев коррупциядан түшкөн акчага тик учак сатып алып, тоодогу карышкырларды кубалап аталы деген сунуш киргизген. Сунушу ишке ашпай калгандыктан, Токой чарбасынын башчысына акча жок деп ыйлайт деп нааразы болуп, танк менен атууну сунуштады.
"Жөнөкөй президент"
Ал ортодо, ажо башчыбыз бул жуманын интернет жылдызына айланды. Сооронбай Жээнбековдун кар жаап жатканда өзү кол чатыр кармап турганы, калың эл менен саясатчы, серепчилердин ортосунда кызуу талкуу жаратып, жыйынтыгында "Аптанын жөнөкөй президенти" атка конду.
Barometr.kg сайты мындан ары жакшы жана жагымдуу жаңылыктардын көп болушуна тилектеш.
Добавить комментарий ×