Калыбек Элтуйбасов АКШда кармалды

5 февраля 2019 13:51 1672 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Калыбек Элтуйбасов АКШда миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн кармалган. Мындай маалыматты бүгүн 5-февралда ИИМдин 2018-жылы аткарылган иштери боюнча маалымат жыйынында ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. 

Анын айтымында учурда Элтуйбасовду Кыргызстанга өткөрүп алуу аракеттери көрүлүп жатат. Ал издөөдө жүргөндүгү тууралуу кармалгандан кийин дайын болгон.

Элтуйбасов маркум Камила Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча тергөөдө көрсөтмө бергендиги боюнча мурда маалымат тараган.

Анткен менен буга чейин Аида Салянова пресс-конференцияда анын агасы Элтуйбасов АКШда Дүйшөбаеванын иши тууралуу эмес миграция закондорун бузгандыгы үчүн кармалгандыгын айткан.

Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча кыскача: 

2014-жылдын 10-мартында студент Камила Дүйшөбаева Бишкек шаарынын Достук кичи районунда жашаган уйүнөн чыккан боюнча кайтып келген эмес. Бир жума өткөндөн кийин,17-мартта кыздын сөөгү Байтик айылынын четинен табылган. К.Дүйшөбаеванын өлүмү боюнча Кылмыш-Жаза Кодексинин "адам өлтүрүү" беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, 1500дөй киши суракка алынган. Ал эми Калыбек Элтуйбасовдун студент кыз каза болгонго чейин аны менен телефон аркылуу сүйлөшкөнү маалымдалган.

Ссылка: https://barometr.kg/kamila-djshbaevanyn-lmn-shekt-aida-salyanovanyn-tuugany-akshda-karmaldy



Добавить комментарий