Кашкар Жунушалиев: "Кылмыш кылган укук коргоо кызматкерлерин биз ачыктап жатабыз, жашырып койсок чыкпай деле калмак"
"Бардык кылмыштарды ачык айкын айтып жатабыз. Укук коргоо органдары жана милиционерлер тарабынан жасалган кылмыштарды дагы ачыкка чыгарып, чаралар милдеттүү түрдө көрүлүүдө". Мындай сөздү Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев бүгүнкү 5-февралда болуп жаткан пресс-жыйында билдирди.
"Албетте акыркы убактарда милиционерлер тарабынан жасалган кылмыш иштери көп болуп кетти. Бул нерсени биз жашырбайбыз. Укук коргоочу болобу, жөнөкөй жаран болобу кылган кылмыш иштерине мыйзам чегинде жооп берет. Жакында эле милиционер тарабынан зордукталган, жол кырсыктары катталган кылмыштарды биз оперативдүү түрдө ачыкка чыгардык. Жашырган жокпуз. Биз жашырып койсок, чыкпай деле калмак"-деп билдирди министр.
Бүгүн, Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев жана анын орун басарлары 2018-жылдагы аткарылган иштер тууралуу пресс-жыйын өткөрүп, журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Добавить комментарий ×