Момбеков өкмөткө: "Тоок туурунда какылдайт болбой, маданиятты акча менен эмес, башка менен көтөргүлө"
Түкүрүк деген түшүнүктү мыйзамдан алып салгыла элге уят болбой деп сунуштады депутат Рыскелди Момбеков бүгүнкү 7-февралда өтүп жаткан Жогорку Кеңештин жыйынында. Буга вице-премьер министр Жеңиш Разаков мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизип, шайкеш келтирип жатабыз деп жооп берди.
"Негизи түкүрүк таштандыларды таштоо тууралуу күйдүрүү деген статьянын ичинде болгон. Таштандыларды ыргытуу боюнча жергиликтүү бийлик протокол түзүп чара көрөт деген жери бар. Ал эми түкүрүккө андай болбойт. Бул беренени Ички иштер министрлиги тейлейт. Ошондуктан бул жагынан түздөө болду"-деди Разаков.
Рыскелди Момбеков: "Менин пикиримде эч кандай түздөө болгон жок, шайкеш келген жок. Түкүрүк деген ооздон чыккан суюктук, какырык деген органдан чыккан суюктук, чимкирик деген мурундан чыккан суюктук, чүчкүрүк деген капысынан чыккан суюктук. Эртең бирөогө барып түкүрдүң десең: "Мен түкүргөн жокмун чүчкүрдүм дейт, чүчкүрүк жок мыйзамда, аны киргизсеңер, какырдым дейт эмне кыласыңар анда? Ошон үчүн элге уят болбой түкүрүк дегенди алып салгыла. Өзүңөр айтып жатпайсыңарбы, дүйнөдө эки эле жерде бар экен Аңглия менен Россиянын бир шаарында деп. Негизги максаты маданиятты көтөрүү деп жатасыңар, маданиятты акча менен эмес, башка нерсе менен көтөрүү керек. Эки жылдан бери эшек такалап жүрдүнөрбү? Тоок туурунда каккылдайт болуп, эми шайкеш келтирип жатабыз дейсиңер"-деди.
Ошондой эле эл өкүлү жаңы кодекстерге далай жолу өзгөртүүлөр киргизилерин кошумчалады.
Добавить комментарий ×