Өкмөт: "Жаңы айып пулдардын максаты бюджетти толтуруу эмес, элдин маданиятын көтөрүү"
Жаңы кодекстерди киргизүү бюджетти толуктоо эмес, эң оболу маданияттуулукту жогорулатуу жана коомдук тартипке чакыруу сыяктуу максатты көздөйт деди вице-премьер-министр Жеңиш Разаков депутат Мирлан Бакировдун суроосуна жооп берип жатып.
Бул тууралуу вице-спикер бүгүнкү 7-февралда өтүп жаткан жыйында: "Жаңы кодекстердеги айып пулдардын суммасы жогору экенин айтып, негизги максаты бюджетти көтөрүүбү же эмне?"-деген суроо узаткан.
Буга кошумча ИИМдин орун басары Курсан Асанов: "Бул жерде 22-бөлүмгө өзгөртүүлөр киргизилип жатат. Ар бир мамлекеттик орган өзүнө жараша иштерин алып барышат. Булардын ичинен эң көп тиешелүүсү ички иштер министрлигине болуп калат экен. Андан кийин салык кызматтарында жана жергиликтүү бийликтерге тиешелүү иш алып барышат"-деп кошумчалады.
Мындан сырткары айып пулдардын көптүгү экономикага туура келбестиги айтылып, кандай өзгөртүүлөр болгондугу тууралуу талкуу болду. Өзгөртүүлөрдүн үстүндө атайын комиссиялар иштеп жаткандыгын Курсан Асанов билдирди. Кемчиликтер дагы деле кетиши мүмкүн, бирок бул мыйзамдарды колдоо керек дешти депутаттар.
Эске салсак, 2019-жылдын январь айынан тарта "түкүрүккө" салынган жаңы айып пулдар элдердин нааразычылгын жаратып, жаны мыйзамдарга толуктоолор, кайра оңдоолор киргизилиши керектиги парламентте талкууланган. Ал эми карапайым эл, жаңы мыйзамдардын, айып пулдардын максаты жөн гана казынаны толтуруу, коррупцияга жол ачуу деген сыяктуу пикирлерин айтып келишет.
Ссылка: https://barometr.kg/kmt-zhay-ajyp-puldardyn-maksaty-byudzhetti-tolturuu-emes-eldin-madaniyatyn-ktr
Добавить комментарий ×