Жолдошбаев: "Токой чарбасы агенттигинин башчысы каражат жок деп ыйлайт, анын жазган катына мышык да ыйлап жиберет, анда карышкырларды таңка менен аталыбы?
Депутат Камчыбек Жолдошбаев карышкырларды атып өлтүрүү маселесин бүгүнкү парламенттик жыйында кайра козгоду.
"Урматтуу депутаттар мен мурунку жумада айттым эле карышкырлар тууралуу. Алыскы Нарындын райондорунда бир карышкырды атканга 6000 сом берилет экен. Аны атканга 10 киши барат экен. Таң атпай төрттө -30 градус суукта жүрүшөт карышкырларды кубалап. Ушуга 2000сомдон кошуп койсо жакшы болот эле. Тик учак менен аталы деген сунушка КРнын Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы агенттигинин башчысы Абдыкалык Рустамовго тапшырма берилиптир, ал карышкырларды атуунун өзүнүн жолу бар дептир. Тик учак менен атпасак, эмне таңка менен аталыбы? Алар кийик аткандардан айып пул алып атышат. Ал акчалар кайда кетип жатат. Анан ыйлап ийчүдөй болуп бизге кат жазып жатат, анын катын окусаң "мышык" да ыйлайт, тим эле буркурап жиберет да, ушул кантип болсун"-деди Жолдошбаев.
Эске салсак, мындан бир апта мурда эле депутат карышкырларды тик учак менен кубалап аталы деген сунуш киргизген.
Добавить комментарий ×