Башкы прокуратура: "Калыбек Элтуйбасовду Кыргызстанга экстрадациялоо боюнча бизге материал түшкөн жок"

5 февраля 2019 15:23 1129 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Издөөдө жүрүп, миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн АКШда кармалган Калыбек Элтуйбасовду Кыргызстанга алып келүү боюнча тийиштүү тараптардан макулдашуулар болгон эмес. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдирди. Ошондой эле, бүгүнкү 5-февралда Ички иштер министрлиги тарабынан өткөрүлгөн маалымат жыйынында айтылгандай ИИМ тарабынан тиешелүү материалдар түшпөгөнүн кошумчалашты. 

Эске салсак, АКШда миграция мыйзамдарын бузгандыгы үчүн Калыбек Элтуйбасов кармалып, аны Кыргызстанга экстрадациялоо боюнча иш жүрүп жаткандыгы тууралуу Ички иштер министрлигинин бүгүнкү маалымат жыйынында айтылган.


Ссылка: https://barometr.kg/bashky-prokuratura-kalybek-eltujbasovdu-kyrgyzstanga-ekstradaciyaloo-boyuncha-bizge-material-tshkn-zhok



Добавить комментарий