Мүрзөнүн үстүндөгү жылаңач кыздын сүрөтү интернетте кызуу талкууга алынууда
Интернетте мүрзөнүн үстүндө ич кийимчен кыздын түшкөн сүрөтү тарап, коомчулуктун кызуу талкуусун жаратууда.
Сүрөт Ысык-Көл облусундагы мүрзөлөрдүн биринде 2008-жылы сүрөтчү Артур Болжуров тарабынан түшүрүлгөндүгү белгилүү болду.
Бул сүрөт катардагы жарандан тартып, белгилүү адамдардын да көңүлүн өзүнө бурду.
КТРКнын жетекчиси Илим Карыпбеков бул тууралуу баракчасына:
""О Кудай! Акыры эми Өз колуңа келип түштүм го, эми мен тынч жата берейин, Сен өзүң бил мени эмне кылышты!" - деп тып-тынч, эч кимге тийишпей эле өзүңдүн менчик мүрзөңдө жатсаң. Анан бир маалда эле бир жылаңач ойсоке келе калып эле, шедевр жаратат элем деп үстүңө туруп алып ар кандай позада сүрөткө түшүп жатса минтип сакалың өсмөк турсун, тирилип кетет болушуң керек!", -деп пост жазып чыкты.
Мындай көрүнүшкө ачуусу келген эл сүрөттөгү кызды да, сүрөткө тарткан кишини да терс пикирдеги сөздөр менен талкууга алышууда.
Ал эми бул тууралуу маалымат алуу үчүн Артур Болжуровдун интернет баракчасына кайрылганыбызда ал жооп берген жок.
Добавить комментарий ×