Электропрокурор, коомдун айласын кетирген коопсуз шаар, үй-бүлөсүн дүңгүрөткөн Мамытбек. Аптанын орчундуу окуялары

16 февраля 2019 17:59 2159 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Гүлзат Мамытбектин үй-бүлөлүк чыр-чатагы

Бул апта "Кыргызстанды биринчиликке көтөрөм, Кыргызстан эмес, дүйнөнү дүңгүрөтөм деген кызыбыз Гүлзат Мамытбектин уй-бүлөлүк ызы-чуусу менен башталды. Катардагы пиарлардын бириби же ушундай коомчулукка чыгарып, жарыя кылган "мода" болуп калганбы, айтор Гүлзат Мамытбек менен күйөөсү мушташкан видеолоруна бүтүндөй кыргыз эли күбө болду. Ажырашып, чиедей жаш балдарын калтырып, жумуш иштеп чет өлкөгө кеткен бир гана Гүлзат Мамытбек эмес, кыргыз элинин көйгөйлүү учур маселеси экенин коомчулук моюнуна алып, бир үшкүрүнүп, мамлекеттин абалына "аттиң" дегенден башка эч нерсе айта алышпады. Албетте, бактылуу үй-бүлө болмоюн, бакубат өлкө жок демекчи, "жемкорлукка" малынган мамлекетте, эли тентип карызга белчесинен баткан өлкөдө кантип бактылуу үй-бүлө куралсын деп Мамытбекке тарта албай же күйөөсүнүкүн туура дей албай тим болушту. 

ЖЭБдин-жеп чуусу

Кыргызстан-коррупциянын өлкөсү экени ушул аптада ачык-айкын көрүндү окшойт. Жылуусунан чуусу көп ЖЭБдин авария болгонуна жыл айланып калса дагы, ага кеткен акчанын дайыны кайда экенин билишпей, азыркыга чейин чуунун аягы тыйылбай келет. Дегенибиз, ушул аптада деген депутаттар эмес, жеген чиновниктер жооп берсин дешип, парламентте ЖЭБ боюнча тиешелүү органдар маалымат берсин деген талапты коюшту. Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖЭБдеги коррупциянын башында Сапар Исаков турган, ал президенттин аппаратынын бөлүм башчысы болуп турганда ТВЕА компаниясын алып келген жана ошондой эле $386 млн доллар деген бааны да өзү бычкан деп айтып берди.  

Аптанын жылдызы "Электропрокурор"

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов башын катырбай эле, ошол замат кантип карыздан кутулса болот айтып салды. Тактап айтканда, светтин баасын көтөрүп, карыздан кутулса болот экен. Мындай сунуш, коомчулук арасында кызуу талкууга алынып, Өткүрбек Жамшитов аптанын "Электропрокурору" наамына ээ болду. 

Коомдун айласын кетирген "Коопсуз шаар"

Ал ортодо "Коопсуз шаар" долбоору ишке киришип, баш калаанын 10 чактыдай көчөлөрүнүн кесилишине камералар орнотулду. Мындай тартипке көнбөгөн калаа айдоочулары үчүн бир аз кысым болгондой болду окшойт, өкмөт элди тоноп баштады деген пикирлер соцтармактарда байма-бай айтылды. Айрым айдоочулар айып пулдардын көптүгүн айтып нааразы болушту. Адамдан амал качып кутулбайт демекчи, ал тургай, камерага кантип түшпөй калыштын айласын издеп, унаа номурларын баткак менен жашырып алгандар да чыкты. 

Ошентип, айдоочулар зымга тизгендей унааларын айдап, калаа ичиндеги жолдордо тартип болуп калды, мунусуна дагы шүгүр деп олтургуча "нан" кымбаттайт экен деген кабар кайрадан элдин маанайын бузду. 

Мына ушундай үй-бүлөлүк чыр-чатак, мамлекеттик "жемкорлуктан" чыга албаган чуулар, электр энергиясына болгон бааны көтөрүү тууралуу сунуштар, мамлекеттик карыз жана аптанын сонунда нандын кымбатташы сыяктуу окуялар менен ушул жума эсте калды.

Barometr.kg сайты мындан ары жакшы жана жагымдуу жаңылыктардын көп болушуна тилектеш. 




Ссылка: https://barometr.kg/elektroprokuror-koomdun-ajlasyn-ketirgen-koopsuz-shaar-j-blsn-dgrtkn-mamytbek-aptanyn-orchunduu-okuyalary



Добавить комментарий