Бүгүн "Коопсуз шаар" долбоору бүгүн ишке кирди. Бул боюнча шаар тургундарынын пикири кандай?

12 февраля 2019 13:19 1309 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бүгүн, 12-февралдан тарта "Коопсуз шаар" долбоору иштей баштады. Долбоор маршруттук каттамдардын айдоочуларына жана шаар тургундарына кандай таасирин тийгизүүдө? деген өңдүү суроолор көпчүлүк шаар тургундарын кызыктырууда.

Бул маселе боюнча айрым тугундардын оюн угуп көрдүк:

МКУнун студенти Эмилбекова Айгерим:

-Менин оюмча долбоордун ишке ашканы туура эле болду. Башка мамлекеттерде мындай мыйзамдардын ишке киргенине көп болгонун билебиз. "Коопсуз шаар" долбоору Бишкек шаары үчүн абдан керектүү, албетте, башында кыйынчылыктар болушу мүмкүн, бирок бара-бара баары өз орду менен иштеп калаарына ишенем.

КТРК Спорт телеканалынын кабарчысы Жыргал уулу Эркинбек:

-Негизинен бул кызмат биздин коомго жана биздин мамлекетке керек. Себеби, ар бир элдин эң биринчи байлыгы алардын калкы, ал калктын коопсуздугу андан дагы баалуу. Мына ошондуктан коопсуздукту алдын алууга бул долбоор өз салымын кошот деп ишенем. Бирок бул нерсени ишке ашырууда коррупциялык иш аракеттерден сак болуш керек.

Шаар тургуну Дастан кызы Гүлназ:

-Бүгүн эртең менен маршруттук унаага түшүп абдан кубандым. Бир кыз аялдамага жете элек жерден түшөйүн десе айдоочу байке "Коопсуз шаар" ишке кирген түшкөнгө болбойт деп айтты. Долбоор баарынан да маршруттук каттамдардын айдоочулары үчүн абдан жакшы текшерүү болот экен. Жолдо тыгындар да азайып калды.

Эске салсак, Бишкектеги унаа жолдордун кесилишине орнотулган камералар жол кыймылына байланыштуу 7 эреже бузууну каттоого алат.

Ссылка: https://barometr.kg/bgn-koopsuz-shaar-dolbooru-bgn-ishke-kirdi-bul-boyuncha-shaar-turgundarynyn-pikiri-kandaj



Добавить комментарий