Видео! Гүлзат Мамытбек балдарын алуу үчүн мурдагы жолдошу менен жолугуп токмок жеп кайтты

9 февраля 2019 09:00 18524 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok


Гүлзат Мамытбек өзүнүн жеке баракчасына мурдагы жолдошу сабап салгандыгы тууралуу айтып ыйлап жаткан видеосун жүктөдү. Видеодо ал ыйлап балдарын жолдошунан ала албай жаткандыгын бирок аягына чейин күрөшөөрүн айткан.

"Балдарымды алам деп барсам, атасы бербей койду. Өзүмдүн үйүмө өзүмдү киргизбейт. Жаңы катыны менен жашайт менин үйүмдө эркек башы менен! Ал аялын дагы балдарымдын көзүнчө урат экен, айкырат экен. Менден мурунку (биринчи) аялын кызынын көзүнчө уруп колун сындырган жана тишин үзө соккон! Мени балдарымдын көзүнчө дагы сабачы эле! Ушундай мыкачы киши менен 7 жыл жашагам!!! Эл Эмне дейт, ата-энемдин бетин жер каратпайын деп, жашырып келчүмүн! Азыр балдарымдын психикасы бузулду! Эми мен эч нерседен коркпойм! Күрөшөм акырына чейин! Балдарым учун Эч нерседен коркпойм!!!", -деп баяндама жазды Мамытбек постун баяндамасына.

Видеодон Гүлзат Мамытбектин колу жаракат алганын көрүүгө болот.

Ал эми анын катталуучулары "сизге ыйлаган жарашпайт экен", "аялга кол көтөргөн ал кандай эркек!", "балдар апасы менен болушу керек", "Гүлзат, ыйлабаңыз биз сиз мененбиз" деген өңдүү колдоо корсөткөн пикирлерин жазып калтырышууда.

Ссылка: https://barometr.kg/video-glzat-mamytbek-baldaryn-aluu-chn-murdagy-zholdoshu-menen-zholugup-tokmok-zhep-kajtty



Добавить комментарий