Гүлзат Мамытбек: "Азыркы жолдошум да Эквадорго учуп кеткен"

9 февраля 2019 14:36 22933 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Өзүн кыргыздын демимин деп атаган белгилүү саентолог Гүлзат Мамытбек кечээ өзүнүн жеке баракчасына мурдагы жолдошу сабап салгандыгы тууралуу айтып, видео кайрылуу жасаган. Ал видео интернет булактарына тарап кызуу талкууга алынууда. Barometr.kg сайтынан Гүлзат Мамытбектин өзүнө байланышып көпчүлүктү кызыктырган суроолорго жооп алууга аракет кылды.

Саламатсызбы? Дароо эле кечээки болуп өткөн окуя тууралуу кыскача баяндап өтсөңүз.

- Негизи башында мен окуйм десем болбой апамдар турмушка чыгасың дешип ушул кишиге берип салган. Бирге 7 жыл жашадык. Мен экинчи аял болуп тийгем, булардын үй-бүлөсү өзү ушундай зөөкүрлөр окшойт. Иниси да аялын урат, мени да токмокточу. 2016-жылы баарына чекит коём деп ажырашалы десем мага тапанча такап, үйдү бербейм өзүң кете бер деген. Ата-энем үйгө киргизбей койгон, эки айлык балам менен бирөөнүн үйүндө жашап 2 айлык баламды чакага жуунтуп жүргөм. Кийин Карип деңизине окууга кеттим. Келсем балдарымды бербейт, анан убалга жеттик.

Буга чейин балдарыңыздын сиз менен чогуу жүргөндөрүн көрүп калып жаттык эле

-Ооба, алар мага ишемби жекшемби күндөрү келип турушчу. Эми ошого да уруксат бербей койду. Анан адвокатымды алып барсам мени кызым менен сүйлөштүрбөй койду. Үйгө болбой эле кирип кызыма чуркасам мага жетип башка койгулап колумду кайрып эшике сүйрөп чыкты.  Мен Сокулук РИИБне ал адамдын үстүнөн арыз жаздым. Мени буга чейин ал 2-3 жолу эркек башы менен сотко берген.

Сиз кечээки кырдаалга кабылган учурда азыркы жолдошуңуз Хуан мырза жаныңызда беле, дегеле ал кандай көз карашта?

-Хуан 2 жума мурун Эквадорго учуп кеткен болчу жаңы проекттери боюнча. Ал киши кыргызча түшүнбөйт да анан сураса көп маалымат бербей жатам. Болгону балдарымды ала албай ыйладым десем капа боло бербе деп койду. Ага айтууну туура көргөн жокмун, укса ойлонуп келип алышы мүмкүн да.

Ссылка: https://barometr.kg/eksklyuzivd-maek-glzat-mamytbek-zholdoshu-tuuraluu-bolgon-syryn-achykka-chygardy-azyrky-zholdoshum-da-ekvadorgo-uchup-ketken



Добавить комментарий