105 миллион доллардын дайыны жок. Карыздан кутулуу үчүн электр энергиянын баасын жогорулатуу керек деген сунуш элди кыжырдантты

15 февраля 2019 10:46 1432 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитовдун "Карыздан кутулуу үчүн электр энергияга болгон бааны көтөрүү керек"-деген билдирүүсү коомчулуктун арасында кыжырданууну пайда кылды. Бааны көтөрүү боюнча, кечээ 14-февралда парламенттеги Бишкек жылуулук электр борбору (ЖЭБ) боюнча талкууда айтылган.

Анда маалымдалгандай, ЖЭБдин эски жабдыктарынын 90 пайызын алмаштырып, капиталдык оңдоп түздөөгө 50 миллиондой доллар сарпталышы керек экен. ЖЭБдин өндүргөн электр энергиясынын наркы 2 сом 90 тыйын болсо, сатуу 70 тыйындан эсептелет. Карыздан кутулуу үчүн электр энергияга болгон тарифти көтөрүү керек деп сунушталган.

Мындай маалыматка коомчулук дароо жооп кайтарды. Айып пулдардын өлчөмү азайбай жатып, электр энергиясын көтөрүп салышса, эл кайсы акчага жашайт деген суроолор туулду. 

Депутат Жанар Акаев ЖЭБ чуусунда жоголгон 105 миллион доллар кайда кетти?-деп баш катырууда. Маалымдама боюнча, камалган кишилердин атындагы камакка алынган мүлктөрдүн жалпы суммасы 6 миллион долларды түзсө, мамлекетке келген зыяндын баасы 111 миллион долларды түзөт. 


Ссылка: https://barometr.kg/105-million-dollardyn-dajyny-zhok-karyzdan-kutuluu-chn-energiyaga-bolgon-baany-ktrsh-kerek-degen-sunush-eldi-kyzhyrdantty



Добавить комментарий