Калаа тургуну: "Коопсуз шаар деп коюп, өкмөт карапайым элди тоноп баштады"

14 февраля 2019 09:59 5233 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын айдоочулары жаңы иштеп баштаган эрежелерге жана андагы салынган айып пулдардын өлчөмүнө нааразы. Бул боюнча ар кандай видеолор тартылып, "нааразы" экендиктерин билгизген билдирүүлөр, талкуулар социалдык баракчаларда тарады. Андан сырткары калаа тургундары айып пулдардан качып, камерага түшүп калбаш үчүн ар кандай ыкмаларды жасай башташты. Коомчулук арасында коррупцияга жол ачылды деген пикирлер да айтылууда. Өзүнүн атын атагысы келбеген шаар тургуну төмөнкүлөрдү билдирди: 

"Коопсуз шаар деп коюп, өкмөт карапайым элди тоноп баштады. Жаңы жазылган эрежелер айдоочулардын айласын кетирип, жол тыгын күчөдү. Айып пулдар МАИ кызматкерлерине пайда алып келе баштайт"-деп билдирди. 

Эске салсак, 2019-жылдын 12-февралынан баштап "Коопсуз шаар" долбоору ишке киришип баштаган. Долбоор иш жүзүндө иштей баштагандан бери алгачкы күнү эле 760тан ашык эреже бузуулар катталып,  878 миң сомдон ашуун айып пул салынган. Камералар баш калаанын 10 кесилишине орнотулган. Эми дагы 38 кесилишке орнотулаарын Бишкек шаардык мэриясы билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/kalaa-turgunu-koopsuz-shaar-dep-koyup-kmt-karapajym-eldi-tonop-bashtady



Добавить комментарий