Бишкекте жерлерди мыйзамсыз менчиктештирүү фактылары аныкталды

28 августа 2025 15:38 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарынын прокуратурасы тарабынан Садовое жана Аламүдүн айылдарынын аймагында жайгашкан айрым муниципалдык жер участоктору жеке менчикке мыйзамсыз берилген фактылары аныкталды.

Алсак, 2023–2024-жылдары бир катар мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жооптуу кызмат адамдары бийлик ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдаланып 1,01 га жайыт, 400 ч.м.токой, 200 ч.м. жалпы пайдалануудагы жол жана 958 ч.м. суу коргоо зонасынын аймактарында жайгашкан жалпы 18 жер тилкесин турак жай куруу үчүн мыйзамсыз жеке менчикке берип жиберишкен.

Бул фактылар боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси "Коррупция" боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zherlerdi-myjzamsyz-menchikteshtir-faktylary-anyktaldy



Добавить комментарий