Бишкекте 18-февралдан баштап нандын баасы кымбаттайт

16 февраля 2019 14:15 9424 Атыргуль Мухамматкулова
Поделиться в:
ok

Бишкек шаарындагы нан азыктарын ири өндүрүүчүлөр алардын азыктарынын баасы 1 сомго жогурулашы боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат. Бул тууралуу бугүн Barometr.kg сайтынын өздүк булактары билдирди.

Баш калаанын нан азыктарын өндүрүүчүлөр бир учурда бардык нан азыктарынын баасын 1 сомго жогорулатуу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат.

Мындай чечимдин кабыл алынышына - Казакстанданда өндүрүлүп, Кыргызстанга ташылып келинген унга болгон баанын өсүшү себеп болууда. Буга чейин кошуна өлкөдөн келген ундун бир кабы 1040 сом болсо, эми алар 1180 сомдон жогору болуп калды.

Натыйжада негизги өндүрүүчүлөр чекене тармактарга бөлүштүрүү үчүн ар бир нанды 1 сомго жогорулатуу чечимин кабыл алышты.

Азырынча өлкөдө эски баада алынып келинген ундан бираз бар, бирок айрым жеке өндурүүчүлөр азыктарын жаңы баа менен сатууга өтүүдө. Тактап айтканда, эгерде эң арзан нандын дүң баасы 10 сомдон болсо, эми алар 11 сомдон болуп калды.

Соода түйүндөрү жана дүкөндөр өз кезегинде дагы канча сом кошоору азырынча белгисиз.

Бирок 2019-жылдын 18-февралынан баштап бардык нан өндүрүүчүлөр өндүрүштүн баасын 1 сомго кымбаттатаары макулдашылды.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkek-shaarynda-18-fevraldan-bashtap-nanga-bolgon-baa-zhogorulajt



Добавить комментарий