"Барометр": 2019-жылдын жыйынтыгы. Кол тийбестиктен ажыраган президенттен каршылык акцияларына чейин

31 декабря 2019 17:58 3361 Расул Мурат
Поделиться в:
ok

Мына ошентип 2019-жыл дагы жыйынтыкталып жатат. Бул жылы болгон окуялар тарыхта кандай ордун табарын убакыт көрсөтөт. Ошентсе да бул материалда элдин эсинде калып, көпчүлүктүн көңүлүн бурган айрым окуяларга токтолобуз.

Февраль. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жогорку кызматтагы жети сот коррупцияга шектелип тергөө амалдары башталды.

Март. 17-мартта мурдагы президент Алмазбек Атамбаев Аксы окуясында каза болгондорду эскерүү митингинде учурдагы мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбековду үй-бүлөлүк башкарууну түзүп жатканын айтып, айыптаган. Ушул эле күнү Жээнбеков Аксыда болуп, элди үй-бүлөлүк башкарууга жол бербей турганын белгилеп, ишендирген.

Апрель. 22-апрелде Ысык-Көлдүн тургундагы Кызыл-Омполдогу уран кенин иштетүүгө каршы экенин билдирип чыгышкан. Бул нерсе коомдо аябай катуу талкууланып, колдоо дагы тапкан. 3-майда Жогорку Кеңеш өкмөттөн уранды казууга тыюу салууну суранган. Ал эми 31-октябрда парламент уран жана торий кендерин казууга тыюу салган мыйзам долбоорун кабыл алган. 16-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын аймагында уран жана торий кендерин казууга тыюу салуучу мыйзамга кол койгон.

Июнь. Бул ай саясий окуяларга абдан мол болду. Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу экс-президент өзүнүн кол тийбестигинен ажырады. Тактап айтканда Жогорку Кеңеш 27-июнда Алмазбек Атамбаевди экс-президент макамынан ажыратты. Андан кийин ага бир нече кылмыш иши козголду. Ал эми 24-октябрда Конституциялык палата Атамбаевди кол тийбестигинен ажыратуу мыйзамдуу болгонун ырастаган.

"Кыргызстан – Кытай" бизнес-форумунун алкагында 7 миллиард доллардан ашык 24 документке кол коюлду. Анда алтынды кайра иштетүүчү завод куруу, баалуу металлдардын Орто Азиялык биржасын түзүү бар болчу. Ошону менен бирге "Бир жол, бир алкак" өнүгүү фондун түзүү боюнча да документтер бар. Эң башкысы Кытай Кыргызстандын айыл-чарба продукциялары үчүн өз рыногун ача турганы белгиленген.

Август. 5-августта Нарын облусунун Солтон-Сары алтын кенинде жергиликтүү эл менен кытайдын Zhong Ji Mining компаниясынын өкүлдөрү ортосунда жаңжал чыккан. 8-августта өкмөт компаниянын ишмердигин токтоткон.

7-8-августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо боюнча атайын операция уюштурулган. Себеби ал кримтөбөл Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу боюнча сотко келбей жаткан. 7-августта атайын операция учурунда УКМКнын атайын даярдыктагы кызматынын башчысынын орун басары, полковник Үсөн Ниязбеков ок тийип каза болгон. Кой-Таштагы окуяны иликтеген мамлекеттик комиссиянын парламентте берген отчету учурунда ички иштер министри Кашкар Жунушалиев Ниязбековго "Карабин СВД" үлгүсүндөгү снайпердин огу тийгенин, ал мылтык Атамбаевге таандык болгонун айткан.

29-августта Кыргызстандын өкмөтү менен Centerra Gold компаниясынын ортосундагы стратегиялык келишим күчүнө кирген. Канаданын компаниясы бардык сот иштери аяктаганын билдирген.

Сентябрь. 16-сентябрда Баткен облусунун Лейлек районундагы Максат айылында кыргыз-тажик чек арасында жаңжал чыккан. 

Мамлекеттик чек ара кызматынан кабарлашкандай, тажик тарап миномет менен ок чыгарган. Анын кесепетинен чек арачы Равшан Муминов каза болгон.

 23-декабрда президент Сооронбай Жээнбеков анын жубайына "Эрдик" медалын тапшырган. Андан сырткары декабрь айында өкмөт чек арачынын үй-бүлөсүнө Исфана шаарынан үй алып берген.

20-сентябрда кыргызстандык Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду. Ал финалдык кармашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсеинди жаңген. Жакында эле ал мексикалык, япониялык,украиналык жана Түндүк кореялык спортчуну утуп, 2020-жылы өтө турчу Олимпиадага жолдомо алды. Учурда кыргызстандык беш спортчуда олимпиадага жолдомо бар. Алар: Айсулуу Тыныбекова (күрөш), Денис Петрашов (сууда сүзүү), Юлия Андреева (жеңил атлетика), Атабек Азизбеков (грек-рим күрөшү) жана Дарья Маслова (жеңил атлетика).

Октябрь. 23-октябрда Жогорку Кеңеш Кыргызстанда айрым жаныбарларга аңчылык кылууга 10 жылдык тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун колдоого алган жок.

Ноябрь. АКШнын "Экономикалык иликтөө боюнча улуттук бюронун илимий изилдөө институтунун" 4-ноябрда жарыяланган иликтөөсүндө Кыргызстан Кытайдан алган карызын төлөөдө көйгөй жаралчу беш мамлекеттин катарына кирген.

15-ноябрда УКМКдан 200 миң доллар жоголуп кеткен. Бул акча Башкы прокуратуранын башкармалыгынын жетекчиси Уланбек Чалбаевдин иши боюнча далил буюм катары алынган. Кийинчерээк атайын кызмат аталган каражат жоголбогонун маалымдаган болчу.

19-ноябрда Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту Чалбаевди беш жылга кесип, 220 миң сом айып салган өкүм чыгарган.

20-ноябрда ЕАЭБ Кыргызстанга автоунаалардын бажы төлөмдөрүн жол-жоболоштуруу боюнча жеңилдиктерди узартуудан баш тарткан. Мындай чечим Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешинин жыйынында кабыл алынган.

Декабрь. Бул ай коррупция менен айыпталган мурдагы аткаминерлердин айы болду.

6-декабрда Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту борбор калаадагы ТЭЦти модернизациялоо боюнча козголгон кылмыш иши боюнча өкүм чыгарды. Сот мурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевди 7 жыл алты айга эркинен ажыратты. Ал эми Сапар Исаков 15 жылга кесилди. Улуттук Энергохолдингдин мурдагы башчысы Салайдин Авазовго 11 жыл үч ай берилди. "Электр станциялары" компаниясынын жетекчисинин мурдагы орун басары Жолдошбек Назаров, Бишкек ТЭЦтин модернизациялоо боюнча топтун башчысы Темирлен Биримкулов кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланды деп айыбы угузулуп, 2,6 жылга эркинен ажыратылды. Бирок сот алардын УКМКнын убактылуу тергөө жайында отурган бир күнүн эки күн деп эсептеп, сот залынан бошотту.

12-декабрда Бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райым Матраимовдун үй-бүлөсү жана жакындары бир катар ЖМКларды ар намыска шек келтирди деген негиз менен сотко берип, моралдык чыгым катары 60 миллион сом талап кылган. Тактап айтканда "Азаттык" радиосуна 22,5 миллион сом, аталган басылманын журналисти  Али Токтакуновго 10 миллион сом, "24.kg" сайтына 15 миллион жана "Клооп Медиага" 12,5 миллион сом доо коюлган. Бирок кийинчерээк Матраимовдор материалдык чыгымдан баш тартышканы маалым болгон.

23-декабрда Ленин райондук соту Бишкек шаарынын мурдагы мэри Албек Ибраимовду 15 жылга эркинен ажыратып, мал-мүлкүн камакка алган. Андан сырткары судья сот залынан мурдагы мэр Кубанычбек Кулматовду бошотуп, аны 5 миллион сом айып төлөөгө милдеттендирген.

Barometr.kg редакциясы жыл ичинде болуп өткөн окуялардын эң маанилүүлөрүн тизмектеди. 2020-жыл жагымдуу, элге пайдалуу окуяларга бай болуп, кирип келген Жаңы жыл кут болсун.

Ссылка: https://barometr.kg/zhyl-zhyjyntygy-kol-tijbestikten-azhyragan-prezidentten-karshylyk-akciyalaryna-chejin



Добавить комментарий