ИИМ: Атамбаевге "Альфанын" командиринин орун басарын өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылган
Алмазбек Атамбаевге Кыргыз Республикасынын УКМКнын "Альфанын" командиринин орун басарын өлтүрүүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылган. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.
Бүгүн, айрым маалыматтык агенттиктерде А. Атамбаевдин жактоочусу З. Жоошев, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевге "Альфа" атайын багыттагы командиринин орун басары Үсөн Ниязбековдун өлтүрүлүшү боюнча расмий түрдө айып тагылган эместигин билдирген.
Ушуга байланыштуу ИИМ расмий түрдө билдирет, 7-8-август күндөрү Аламүдүн районундагы Кой-Таш айылында болгон фактылар боюнча иликтенип жаткан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан, 2019-жылдын 18-ноябрь күнү экспертизаларды эске алуу менен иликтөөлөрдүн жыйынтынгыда жактоочусу С. Слесаревдун катышуусунда А. Атамбаевге Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 130-беренеси (Адам өлтүрүү) боюнча Кыргыз Республикасынын УКМКнын "Альфанын" командиринин орун басары Үсөн Ниязбековду өлтүрүгө шектелип жаткандыгы жөнүндө маалымдама тапшырылды.
Добавить комментарий ×