Чек арада ок атышууда каза болгон аскер кызматкеринин артында 3 баласы жана жубайы калды
Поделиться в:
Лейлектин Максат, Овчу-Калача айылында ок атышууда Чек ара кызматынын атайын даярдыктагы “Бөрү” аскердик отрядынын прапорщиги Равшан Муминов каза тапты. Бул тууралуу Чек ара кызматы кабарлады.
Муминов тажик тараптан ыргытылган жардыргыч заттын сыныгы тийип каза болгон.
Равшан Муминов 1978-жылдын 31-октябрында Ташкент шаарында туулган. Анын артында 3 баласы жана жубайы калды.
Ок атышууда андан башка 6 чек ара кызматкери ар кандай жаракат алышты. Алардын экөөсүнүн абалы оор. Экөө тең куралдан атылган октон жаракат алган. Ок биринин тийген.
Добавить комментарий ×