Видео. Абылгазиев Лейлекте ок атышууда каза болгон жоокерди жерге берүү зыйнатына катышты
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Чек ара кызматынын аскер кызматкери Равшан Муминовду акыркы сапарга узатуу зыйнатына барды. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Өкмөт башчы курман болгон Равшан Муминовдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтты.
«Биз оор жоготууга учурадык. Мекени үчүн, улуттук кызыкчылыктарды коргоо үчүн өмүрүн берген, өлкөбүздүн чыныгы мекенчил уулунан ажырадык. Баарыбыздын кабыргабыз кайышып, бүтүндөй өлкө кайгырып турат», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.
Ал маркумдун үй-бүлөсүнө колдоо сөздөрүн айтып, мамлекет аларга көңүл буруп, кам көрөөрүн убада кылды. Маркум Равшан Муминовдун үй-бүлөсүнө Жогору Кеңештин жана Өкмөттүн атынан материалдык жардам көрсөтүлдү.
Чек арачыны акыркы сапарга узатууга Өкмөт башчысы Мухаммедкалый Абылгазиев, ошондой эле Жогорку Кеңештин депутаттары, вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жана маркумдун кесиптештери катышышты.
Равшан Муминов Лейлек районунун Исфана шаарында «Бөрү» атайын багыттагы отрядынын аскердик милдетин өтөп жаткан.
Добавить комментарий ×