Социалдык түйүндөрдө уран кенин иштетмек болгондорго каршы чыгып жатышат
Социалдык түйүндөрдүн кыргызстандык сегментинде Ысык-Көл областынын Кызыл-Омпол уран кениндеги геологиялык чалгындоо иштерине массалык түрдө каршы болушууда.
Жарандык сектордун өкүлдөрү кенди иштетип калса кандай жаман нерселер болорун майда-чүйдөсүнө чейин жазышууда.
Ошол эле маалда уранды иштетүү Майлуу-Сууну “өлүү шаарга” айландырганын, ал жерде эмдигиче бюджеттик каражаттардын тартыштыгынан улам рекультивациялык иштер жүргүзүлбөгөнүн айтышууда.
Бул арада кенде болуп келген атамекендик телеканалдардын журналистттери кенди иштетүү тууралуу сөз кылуу али эрте экенин, азыр болгону кенди чалгындоо иштери жүрүп жатканын кабарлашууда.
Өнөр жай мамлекеттик комитети кенди иштетүү ишке ашса уран кени Кара-Балтага жеткирилип, ошол жактан иштетилерин маалымдады.
Эскерте кетсек, Кыргызстанда Советтик мезгилинен калган уран комбинаты бар. Союз урагандан кийин ал бир аз убакыт киреше алып келип турган. Кийинчерээк чийки заттын жоктугунан Казакстан Кара-Балтадагы уран комбинатынан уран кендерин алып чыгууга тыюу салган жана ишкана көп убакыттан бери токтоп турган.
Ссылка: https://barometr.kg/socialdyk-tjndrd-uran-kenin-ishtetmek-bolgondorgo-karshy-chygyp-zhatyshat
Добавить комментарий ×