Уранга каршы мыйзамдын долбоорун депутаттар колдоду

31 октября 2019 16:27 1085 Жайнагул Такенова
Поделиться в:
ok

 Бүгүн 31-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттары уран жана торий кендерине геологиялык изилдөө иштерин жүргүзүүгө жана иштетүүгө тыюу салган мыйзам долбооруна үчүнчү окууда "макул" деп добуш беришти.

 Жалпысынан 111 депутаттан бирөө гана каршы болду.

Бул мыйзам долбоорунун авторлору - «Ата Мекен» фракциясынын лидери Алмамбет Шыкмаматов, «Бир Бол» фракциясынын төрагасы Алтынбек Сулайманов, КСДП фракциясынын депутаты Канат Керезбеков, «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын депутаты Алтынбек Жунус уулу жана «Бир Болдун» депутаты Бактыбек Турусбеков.

 Эске салсак, үстүбүздѳгү жылдын апрель айында Ысык-Көл облусундагы Кызыл-Омпол уран кенин иштетүүгө байланыштуу чуу чыккан. Алгач бир катар жергиликтүү тургундар жана жарандык активисттер кендин казылышына каршы нааразылык акцияларын өткөрүшкөн.

Ссылка: https://barometr.kg/uranga-karshy-myjzamdyn-dolboorun-deputattar-koldodu



Добавить комментарий