Бишкекте жаан болгонуна карабай уран иштетүүгө каршы митинг өтүп жатат

30 апреля 2019 12:15 1146 Barometr
Поделиться в:
ok

Бишкектеги Максим Горький атындагы паркта Кыргызстанда уран иштетүүгө каршы митинг өтүп жатат. Ага Ысык-Көл, Нарын, Талас областтарынан келген жарандар катышууда.

Митингдин катышуучулары бийлик жана укук коргоо органдары тарабынан кысым көрсөтүлүп жатканын айтышууда.  

“Биздин жалгыз талабыбыз - Кыргызстанда уран казып алууну токтотуу”,-деп билдиришти митингге чыккандар.

Ссылка: https://barometr.kg/bishkekte-zhaan-bolgonuna-karabaj-uran-ishtetg-karshy-miting-tp-zhatat



Добавить комментарий