Ак калпак айып пул, жоголгон балдар, жасалма паспорт мафиясы. Күндүн орчундуу окуялары
Ак калпакка маданий статусту берүү күндүн маанилүү жана талаштуу темаларынын бири болду. "Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков ак калпакка Кыргыз Республикасынын маданий символунун статусун берүүнү парламентте сунуштады. Сунушталган мыйзам долбоордо жазылган ак калпакты мазактоого күнөөлүү адамдар 1000 сомдон, ал эми юридикалык жактар 5000 сомдон айып пул төлөйт деген пунтку кызуу талаш-тартышты жаратты. Түкүрүктүн ызы-чуусу бүтө электе, ак калпактын айып пулу депутаттарды эки жаатка бөлдү. Эльвира Сурабалдиева жөн эле коелучу эми, айып пул деп элдерди чуулдатпай десе, Байпакпаев "1000 сом эле болгону, анча деле чон акча эмес, иттерге кийгизип жаткандарга мыйзам иштесин, тартипке келсин"-деген оюн билдирди.
Жаз жакындаган сайын эмне кылаарын билбеген бийлик менен министрлик парламентте ар кандай мыйзам долбоорлорун сүйрөп келип, эл көзүнө сүйлөмүш болуп олтурганы көрүнүп тургандай. Кыргызстандагы органикалык заттарды өстүрүүгө ылайыктуу жерлерди иштетишибиз керек деп “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзамдын долбоорун талкууга коюшту. Айыл чарба министринин орун басарлары жана өкүлдөрү "Органикалык азыктар жөнүндө" тиги-буну айтымыш болуп, анча-мынча маалымат берди да үйлөрүнө жөнөштү. Ортодо депутат Дастан Бекешев Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго ссуданы төлөйм дегениңиз өтө жакшы нерсе деп жыйын учурунда куттуктаганга үлгүрдү. Келечекте депутат болуп калсаңыз же мамлекеттик ишке келип калсаңыз өзүңүзгө эле жакшы болот, менин башымдан дагы өткөн деп айтып кетти. Бекешев кайсы учурда Абдыгуловдукундай иш башынан өтүп же эмне болду эле деп элдер ойлонуп кала берди.
Ал эми бул аралыкта президент Сооронбай Жээнбеков «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференцияда көп сөз айтты. Ооба, региондорду өнүктүрүүдө акимчилик жана жергиликтуү бийликтегилер тыгыз иштешип, бир дагы кадр акимдин руксаты жок дайындалбашы керек деп билдирди. Андан сырткары региондордогу ишкерлерди колдоо керектигин айтып, алар "саан уйга" окшош, ишкерлерди жакшы багып караса, саан уйдай көп продукция берет деди.
Ал ортодо "Ата-Мекен" партиясы менен "КСДП" партиясы дагы жөн олтурган жок. Депутат Каныбек Иманалиев Кыргызстан Эл аралык коомчулуктун астында террористтерге жасалма паспортторду жасаган фабрика болуп калгандыгын айтып кейиди. Буга удаа эле «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын негиздөөчүсү Сагынбек Абдырахманов экс-президент Алмазбек Атамбаевди партиядан чыгаруу максатын көздөп пресс-жыйын уюштурду.
Өлкөдө балдардын жоголушу коомдун орчундуу маселеси экендиги анык. Бул тууралуу ИИМ маалымат берип, 2019-жылдын 2 ай 91 бала жоголгонун айтты. Жоголгондордун ичинен 76сы ата-энелери менен урушуунун кесепетинен үйүнөн чыгып кетишсе, 15 адашып кетишкендиги такталган. Дайынсыз жоголгон жана табылган жашы жете элек өспүрүмдөрдүн көбү алты жаштан он төрт жашка чейинкилер 45, он беш жаштан он сегиз жашка чейинкилер 40, беш жашка чейинкилер болсо-6 . Жашы жете элек өспүрүмдөрдүн жоголушу боюнча бир дагы фактынын “48 саатка жоголуу” оюну менен эч кандай байланышы жок деп билдирди.
Ушуну менен бир күндө болуп өткөн окуялардын жыйынтыгы топтолду. Barometr.kg сайты мындан ары жакшы жана жагымдуу жаңылыктардын көп болушуна тилектеш!
Добавить комментарий ×