Айыл чарба министри: "Кыргызстандагы эттер толук органикалык продукцияга кирбейт"

27 февраля 2019 12:24 1564 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

2018-жылы өлкөдөн 300 тонна биопахта чыгарылган. Мындай маалыматты Айыл чарба жана мелиорация министринин орун басары Эркинбек Чодуев билдирди.

"Негизинен дүйнө жүзүндө органикалык  продукциялар кымбат турат. Андыктан Кыргызстандагы органикалык заттарды өстүрүүгө ылайыктуу жерлерди иштетишибиз керек. Бугүнку кундө Ысык-Көл облусунун аймагы ылайыктуу  болуп жатат"-деди Чодуев. 

Андан сырткары, Баткендин өрүгү, Ысык-Көл аймагынан дары чөптөргө да суроо талап болуп жатканын кошумчалады. Ал эми Кыргызстандагы эттердин органикалык продукцияларга кирбей тургандыгын айтып, бирок мүмкүнчүлуктөр бар экендигин билдирди.

"Бүгүнкү күндө эттер толук кирбейт жана органикалык деп эсептелбейт. Ал үчүн малдарга эч кандай дары сайылбай, алар эч кандай химиялык кошулмалары жок жем жана экологиялык жактан таза чөп жеши керек. Өлкөдөгү малдын эти антибиотиктер колдонулгандыктан, органикалык продукцияга кирбейт. Бирок мал этин толугу менен органикалык продукцияга киргизүүгө мүмкүнчүлүктөр жана бир катар стандарттар бар", - деди Айыл чарба министрлигинин өкүлү.

Бүгүн 27-февралда парламенттин жалпы жыйыны өтүүдө. Азыркы тапта “Кыргыз Республикасындагы органикалык айыл чарба өндүрүшү жөнүндө” мыйзамдын долбоору талкууланууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ajyl-charba-ministri-kyrgyzstandagy-etter-toluk-organikalyk-produkciyaga-kirbejt



Добавить комментарий