Бекешев Абдыгуловго: "Куттуктайм, ссуданы төлөйм деп жакшы иш кылдыңыз, мындай иш менин да башымдан өткөн"

27 февраля 2019 15:24 2375 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Депутат Дастан Бекешев Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловго ссуданы төлөйм дегениңиз өтө жакшы нерсе деп жыйын ортосунда куттуктаганга үлгүрдү.

"Толкунбек Сагынбекович сизди куттуктайм, кечээ жакшы жаңылык айттыңыз ссуданын калганын өзүм төлөйм деп. Бул келечекте өзүңүзгө эле жакшы болот. Кийин балким депутат болуп каласыз же башка мамлекеттик органдарга барасыз. Ошол кезде бул боюнча маселе көтөрүлбөйт. Менин башымдан өткөн, жакшы билем"-деди депутат.

Эске салсак, кечээ 26-февралда Улуттук Банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов банк кечип койгон ссудасынын калдыгын өзү төлөй тургандыгын маалымат жыйында айткан эле.

Белгилүү болгондой,  Абдыгулов банктан 2015-жылдын июнь айында 5,5 миллион сом ссуда алган. Анын 4,8 миллион сому банк тарабынан кечилгени айтылып, коомчулук тарабынан да катуу талкууга алынган. 

Бүгүн 27-февралда Жогорку Кеңеште ар кандай маселелер талкууланып жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/bekeshev-abdygulovgo-kuttuktajm-ssudany-tljm-dep-zhakshy-ish-kyldyyz-myndaj-ish-menin-da-bashymdan-tkn



Добавить комментарий