Ак калпакка маданий символ статусун берүү сунушталды
Бүгүн, 27 февралда парламенттин жыйынында Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков ак калпакка Кыргыз Республикасынын маданий символунун статусун берүүнү сунуштады.
Тиешелүү мыйзам долбоору кыргыз элинин кайталангыс маданий баалуулугунун маанилүү символдорунун бири катары ак калпакты кийүү маданиятын колдоого жана сактоого багытталган.
Демилгечилер калпакты чет өлкөлөрдө болгон расмий иш-чаралар учурунда Кыргыз Республикасынын расмий делегацияларынын мүчөлөрүнө, мындан сырткары чет жактарда өткөрүлгөн спорттук мелдештерге, маданий иш-чараларга, фестивалдарга, семинарларга, конференцияларга Кыргызстандан барган катышуучуларга ак калпакты кийүүнү сунушташууда.
Ошондой эле Мыйзам долбоорунда ак калпакты мазактоого күнөөлүү адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартары жазылган.
Ссылка: https://barometr.kg/ak-kalpakka-madanij-simvol-statusun-ber-sunushtaldy
Добавить комментарий ×