Депутат: "Калпакты мазактоого 1000 сом эле айып пул салынат"

27 февраля 2019 16:49 10822 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Ак калпакка Кыргыз Республикасынын маданий символунун статусун берүү мыйзам долбоорунда ак калпакты мазактоого күнөөлүү адамдар 1000 сомдон, ал эми юридикалык жактар 5000 сомдон айып пул төлөөрү жазылган. Бул тууралуу бүгүн 27-февралда өтүп жаткан парламенттин жыйынында айтылды. 

"1000 сом эле. Мен ойлобойм андай деле чоң акча деп. Ак калпакты коргой турган убакыт келди. Айып пулдар келечекте тартипке алып келе турчу нерсе"-деди депутат Байпакпаев. 

Буга депутат Эльвира Сурабалдиева: "Токтотпойлубу эми айып пул дегендерди, жаңы эле түкүрүктүн айынан ызы-чуулар болду, эми дагы баштадыңарбы?"-деп нааразы болду. 

"Бир Бол” парламенттик фракциясынын депутаты Бакирдин Субанбеков кесиптеши Экмат Байпакпаев менен биргеликте калпак кыргыздын сый баш кийими, аны иттерге деле кийгизип мазактап жаткандыктан ушул мыйзам келип чыккандыгын түшүндүрүштү. 

"Социалдык тармактарда иттерге кийгизип мазактагандар болуп жатат. Калпак улук болот деп ата-бабаларыбыздан бери кийилип келген. Биздин делегаттар ак калпагыбыз менен чет өлкөдө таанылып жатабыз. Улуттук баш кийимибиз болгондуктан коргойлу"-деди Субанбеков.

Эске салсак, бүгүн парламентте ар кандай маселелер талкууланып жатат. 

Ссылка: https://barometr.kg/deputat-kalpakty-mazaktoogo-1000-som-ele-ajyp-pul-salynat



Добавить комментарий