Жээнбеков өкмөткө, министрлерге: "Байкоочу болбой жемкорлукту жоюуда чогуу аракеттенели"
Өлкөдөгү коррупциянын тамыры биз билгенден дагы өтө тереңдеп кеткен. Бул тууралуу президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн 27-февралда «Аймактарды өнүктүрүү боюнча улуттук диалог» аттуу конференциянын жүрүшүндө билдирди.
"Биздин максатыбыз өлкөдөгү коррупцияга каршы системалык күрөштү бийликтин бардык тепкичинде жүргүзүү болуп саналат. Өлкөдөгү коррупция ачыгын айтканда биз ойлогондон дагы кеңири кулачын жайган. Фактылардын бети ачылып жатат жана дагы да ачылат. Биз коомду коррупцияны тазалабай туруп, экономиканы саздан чыгара албайбыз. Жакшы иштердин баары такалып алдыга жылбайт. Жалпы эл колдогондо гана ишке ашат. Силер дагы премьер-министр, министрлер, бийликтегилер байкоочу болбостон аракетти чогуу жасайлы"-деди өлкө башчы.
Ошондой эле, жемкорлукту жоюда бир гана укук коргоо органдарын эле карап олтурбай коомчулук бирге аракет кылганда гана ишке ашаарын белгилеп кетти.
Добавить комментарий ×