«КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын негиздөөчүсү: "Бир гана Атамбаев эмес, партиядагы бардык жемкорлордон арылышыбыз керек"

28 февраля 2019 09:26 3640 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

Бир гана Атамбаев эмес, партиядагы бардык жемкорлордон арылышыбыз керек, - деди «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын негиздөөчүсү Сагынбек Абдырахманов 27-февралда өткөн пресс-жыйында. Анын айтымында  экс-президент Алмазбек Атамбаев партиянын легитимсиз лидери жана учурда КСДП партиясы экиге бөлүнүп калган. 

Биз Алмазбек Атамбаев президент жана Сооронбай Жээнбеков премьер-министр болуп экөө бир муштумдай биригип турганда эле айтканбыз, "Сиз партияны экиге бөлүп салдыңыз, КСДП партиясы элита жана жөнөкөй болуп экиге бөлүнүп калды дегенбиз, бизге журналисттер дагы, эч ким ишенбей койгон.  Мына азыр элдин колдоосу менен ошол чындык ачыкка чыгып олтурат. Мен кыргыз элиндеги түндүк-түштүк жергесиндеги бардык элдерге рахмат айткым келет. Ак ийилди, бирок сынган жок деп кошумчалады «КСДП Атамбаевсыз» кыймылынын негиздөөчүсү. 

Кундуз Жолдубаева айтып жатат "Силер легитимдүү эмессиңер деп, бизди политсовет колдобосо өзүбүз эле сьезд өткөрөбүз. Биздин аркабызда карапайым калк турат. Атамбаевдин аркасындагыдай олигархтар турган жок. Биз баардык өлкө боюнча партиялык жыйындарды уюштурдук, КСДП съездинде делегаттарды шайладык-деп кошумчалады.

Ошондой эле ал Атамбаевди лидер эмес деп эсептээрин айтып, партиядан чыгаруу керектигин билдирди. 

Ссылка: https://barometr.kg/ksdp-atambaevsyz-kyjmylynyn-negizdchs-bir-gana-atambaev-emes-partiyadagy-bardyk-zhemkorlordon-arylyshybyz-kerek



Добавить комментарий