Митинг, кийим үчүн жыйындан чыгарылган чиновник, Дубайдагы жеңиш. Аптанын орчундуу окуялары

18 января 2019 10:36 1763 Элзат Нурманбетова
Поделиться в:
ok

А дегенде эле аптанын алгачкы күнү чуулуу жана жагымдуу окуялар менен башталды. 

Эки жыл физрук болуп, сыйлык алган депутат

Депутаттар эми ишке келээри менен эки жыл физрук болуп иштеген депутат Тазабек Икрамовдун Билим берүүнүн отличниги деген алган наамы коомчулук арасында чуу жаратты. 

Футболка кийип келгендиги үчүн жыйындан чыгарылган чиновник

Ага удаалаш эле парламенттин жыйынында  Башталгыч кесиптик билим берүү агенттигинин финансы-экономика бөлүмүнүн жетекчиси Талантбек Тынысовду футболка кийип келгендиги үчүн вице-спикер Мирлан Бакиров сынга алып, жыйындан чыгарды. Баарын карап, аңдып турган эл бат эле вице-спикердин бул кылыгын талкуулап жиберишти. Чуулдаган элге түшүндүрүп кутулбасам болбойт дедиби, айтор Мирлан Бакиров видео аркылуу кайрылуу жасап, Тынысовдон кечирим сурады. 

Алгачкы жеңиш! Азия кубогу-2019 Дубай

Депутаттар кийимдерин жөнгө салгычакты, кыргыздын жигиттери Дубайда өтүп жаткан Азия кубогу-2019 футбол боюнча оюнда мыктылыгын көрсөтүп, Кыргызстан курама командасы алгачкы жолу жеңишке жетти. Филиппиндер менен болгон беттеште 3 жолу топ киргизип, кыргыздын футболчусу Виталий Люкс бул жуманын спорт жылдызына айланды. 

Митинг

Жеңишибизди майрамдап бүтө электе, ызы-чуубуз эриш-аркак башталды. Тактап айтканда, 17-январда 300дөн 2000ге чейин адамдар Ала-Тоо аянтына чогулуп, "кытайлар кетсин" деген талап менен бир күн кечке турушту. Бири-бирин укпай чуулдаган эл, өкмөт башчыны чакырып, элге жооп берсин дешти. Бул учурда парламентте олтурган атка минерлер элге эмне деп жооп беребиз деп олтурушту. Сыртка чыгып жооп берсин деген миграция кызматынын маалымат баяндамасы жок, "Эмне деп айтабыз? Митинг болуп жатса, олтурасынар көзүңөрдү жылтыратып"-деп депутат Момбеков чырылдап жиберди. 

Укук коргоо органдары коомдук тартипти буздунар деп аша чаап бараткан айрым жарандарды бул учурда кармап кете баштады. Жаңы мыйзамга ылайык кармалгандар 3 сааттын ичинде бошотулуп, 3000 сомдон айып пул салынды. 

Ошону менен ары чуулуу, ары жагымдуу аптанын аягына чыктык. 

Barometr.kg сайты мындан ары жакшы жана жагымдуу жаңылыктардын көп болушуна тилектеш. 

Ссылка: https://barometr.kg/miting-kijim-chn-zhyjyndan-chygarylgan-chinovnik-dubajdagy-zheish-aptanyn-orchunduu-okuyalary



Добавить комментарий